SerepTV Logo

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)
Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган 24 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришет. "Сентябрь айында Ысык-Көл РИИБине 36 жаштагы жаран кайрылып, март айында өзүн Замир деп тааныштырган белгисиз адам Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасын ага саткан. Кийинчерээк аталган автоунаа издөөдө жүргөндүгү аныкталып, жабырлануучуга материалдык чыгым келтирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берененин (алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Учурда кылмышка шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына сот тарабынан баш коргоо чарасы жарыяланганга чейин киргизилди", - деп жазылат билдирүүдө.   [video width="1280" height="720" mp4="https://supertv.kg/wp-content/uploads/2021/01/opgggg.mp4"][/video]  
altinay