Балыкчы шаарынын мэри ээлеген кызматынан бошотулду
Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 47-беренесине ылайык Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Кермалиев Султан Шарипканович ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп жазылат маалыматта.