SerepTV Logo

Башкы прокурор жамаатка жаңы орун басарларын тааныштырды

Башкы прокурор жамаатка жаңы орун басарларын тааныштырды
Президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Бектурганов Малик Маамыталиевич Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары, ал эми Акназаров Залкар Каримжанович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалып, эмгек жамаатка расмий түрдө тааныштырылды.
Башкы прокурор Максат Асаналиев жаңы орун басарларына прокуратура органдарынын ишин мындан ары да системалуу өнүктүрүү, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү, ошондой эле кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча маанилүү милдеттерди жүктөп, жооптуу кызматтарына ийгиликтерди каалады. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="299101,299099,299100"]
info