Жамиля Исаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгынан кетти
Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Ал мындан ары депутат катары ишин уланта берет.
Жамиля Исаева "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын квотасы менен 2022-жылдын 12-январында төраганын орун басары болуп шайланган.