SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров 3 райондун акимин дайындады

Президент Садыр Жапаров 3 райондун акимин дайындады
Бүгүн, 28-февралда президент Садыр Жапаров 3 райондун акимин, 1 шаардын мэрин дайындады. Өлкө башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык: Имамназар Бурканов Чүй облусунун Жайыл районунун акими болуп дайындалды; Данияр Эркимбаев Ош облусунун Араван районунун акими болуп дайындалды; Данир Иманалиев Баткен облусунун Баткен районунун акими болуп дайындалды; Темирболот Абыкеев Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды. 21-февралдагы президенттик администрациянын коллегиясында Садыр Жапаровго 7 райондун акимин кызматтан бошотуу боюнча сунуштарды жөнөтүү чечими кабыл алынып, мамлекет башчы 22-февралда аларды ээлеген кызматынан бошоткон эле.