SerepTV Logo

Акжол Махмудов Германиянын чемпиону болду

Акжол Махмудов Германиянын чемпиону болду
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Германиянын клубдук чемпионатынын жеңүүчүсү. Ал Германиянын "Шорндорф" клубунун курамында ойнойт. Зоналык этапта кыргызстандык команда 12 беттештин баарын жеңип, плей-оффко чыкты. Акжол Махмудов жети беттеш өткөрүп, анын бешөөндө жеңишке жетишкен. Спортчу финалдык беттеште ишенимдүү жеңишке жетишти. Эске салсак, 2023-жылы биздин балбан "Шорндорф" клубу менен Бундеслига командаларынын арасында Германиянын клубдук чемпионатына катышуу үчүн келишим түзгөн.