SerepTV Logo

Азия чемпионаты. Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы алтын медаль үчүн беттешет

Азия чемпионаты. Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы алтын медаль үчүн беттешет
Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Чемпионаттын үчүнчү күнүндө — бүгүн, 15-апрелде кыз-келиндер арасындагы беттештер башталды. Анда 5 топтом медаль ойнотулат. Бүгүн кыргызстандык Нураида Анаркулова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы килем үстүнө чыгат. Финал саат 18:00дө башталат. Жуманазарова менен Айпери Медет кызы алтын медаль үчүн күч сынашса, Анаркулова мелдештин коло байгеси үчүн өзбекстандык Дильфуза Аимбетовага каршы чыгат.
edita