SerepTV Logo

Балбан Бекболот Мырзаназар уулу Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Балбан Бекболот Мырзаназар уулу Олимпиада оюндарына жолдомо алды
Кыргызстандык балбан Бекболот Мырзаназар уулу Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо утту. Бул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча квалификациялык турнир өтүп жатат. Бекболот бүгүн, 11-апрелде эркин күрөш боюнча мелдеште 65 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашты. Ал мелдешти 1/4 финалдык беттештен баштап, түрксмөнстандык спортчуну 5:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда Өзбекстандын спортчусун дагы утту. Эми Бекболот алтын медаль үчүн күч сынашат. Ошондой эле ал Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алды. Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн спортчуларга финалга чыгуу жетиштүү болчу.
edita