SerepTV Logo

Балбан Каныбек Жолчубеков карьерасын жыйынтыктады

Балбан Каныбек Жолчубеков карьерасын жыйынтыктады
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын капитаны Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу спортчу кечээ, 17-февралда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпионатынын ачылыш аземинде билдирди. Жолчубеков спорттук кийимин символикалык түрдө Нурмухаммед Абдуллаевге тапшырды. Каныбек Жолчубеков — студенттер арасында 2 жолку дүйнө чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азиянын чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси.
edita