Бекзат Алмаз уулу Хорватияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты
Бекзат Алмаз уулу Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты.
57 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Париж Олимп оюндарында 3-орун үчүн болгон кармашта жеңилген өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди 8:0 эсебинде утуп, реванш алды.
Финалда Бекзат Алмаз уулу 1-орун үчүн Түндүк Кореянын балбаны Чонгсон Хан менен кармашат.