SerepTV Logo

Бишкек шаарында Самбо боюнча эл аралык турнир өткөрүлөт

Бишкек шаарында Самбо боюнча эл аралык турнир өткөрүлөт
Бишкектин “Арча-Бешик” конушундагы "Газпром-Балдарга" спорт-эс алуу комплексинде Азия чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси жана Кыргызстандын көп жолку чемпиону Бекболот Рахатбековдун жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык турнирдин ачылышы болот. Маалыматка ылайык, чемпионат 22-23-майда 16-18, 13-15 жаштагы балдар арасында өтөт. Мелдештер Кыргызстанда самбонун массалык өнүгүүсүн жайылтуу, спорттун чеберчилигин жогорулатуу, КМШ республикаларынын спорт командалары менен достук мамилелерди түзүү максатында өткөрүлөт. Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы Самбо федерациясы жана "Бекболот Рахатбековдун" спорттук клубу менен биргеликте уюштурууда. Жеңүүчүлөр кубок, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат. Иш-чаранын ачылышы 22-майда саат 12:00дө болот.
Unknown Author