SerepTV Logo

BRAVE CF уюмунда беттешке чыккан кыргызстандык мушкерлердин баары жеңиш менен кайтышты (видео)

BRAVE CF уюмунда беттешке чыккан кыргызстандык мушкерлердин баары жеңиш менен кайтышты (видео)
BRAVE Combat Federation уюмунун кезектеги Asian Domination мелдеши 11-мартта Бахрейнде өттү. Мелдешке кыргызстандык 3 мушкер катышкан. Үч спортчу тең жеңишке жетти. Анда кыргызстандык спортчу Абдисалам уулу Кубанычбек филиппиндик Роландо Дайга каршы чыгып, атаандашы 2-раунддан кийин беттешти улантуудан баш тартып, кыргыз мушкери аталган уюмдун алкагында үчүнчү жеңишин камсыздады. [video width="640" height="640" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/158342929_187817516137892_7640084843947180322_n.mp4"][/video]   Андан сырткары Немат Абдрашитов орусиялык Анзор Абдулхожаев менен кез келип, каршылашын 2-раундда нокаутка кетирип, өзүнүн дебюттук беттешин жеңиш менен баштады.   [video width="640" height="640" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/158165475_176815984070557_2841952014036050889_n.mp4"][/video]   Ал эми Рыскулбек Ибраимов филиппиндик Жинел Лауса менен октагонго чыгып, 5 мүнөттөн 3 раунд күч сынашып, жыйынтыгында калыстардын бирдей чечими менен кыргызстандык мушкер жеңип алды.   [video width="640" height="640" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/158727245_1791183797708360_7841280389294212405_n.mp4"][/video]
Unknown Author