SerepTV Logo

Бусурманкул Абдибаит уулунун кезектеги беттеши качан болот?

Бусурманкул Абдибаит уулунун кезектеги беттеши качан болот?
Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship уюмунда кезектеги беттешке чыгат. Бул тууралуу аталган уюмдун Инстаграм баракчасында маалымат берилди. Бул беттеш 19-мартта Краснодар шаарында өтөт. Каршылашы орусиялык Владислав Королевский болмокчу. Бусурманкул өзүнүн проффесионалдык карьерасын 2015-жылы баштаган. Андан бери жалпысынан 15 беттеш өткөрүп, 12 жолу жеңишке жетип, 3 жолу жеңилген. Ал эми Королевский 12 беттешке чыгып, 8 жолу жеңип, 4 жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Unknown Author