SerepTV Logo

Бүгүн Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты башталат

Бүгүн Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты башталат
Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында дзюдо боюнча мырзалар жана кыз-келиндер арасындагы Азия жана Океания чемпионаты башталат. Бүгүн 5 комплект медаль ойнотулат. Татамиге Кыргызстандын атынан 9 спортчу чыгат. Чемпионат саат 10:00дө башталат, ал эми салтанаттуу ачылыш аземи саат 16:00дө өтөт. 6-апрелдеги программа: - 60, 66 килограмм салмакка чейинки мырзалар күч сынашат; - 48, 52, 57 килограмм салмакка чейинки кыз-келиндер беттешет. Финалдык беттештер саат 17:00дө өтөт. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="34343,34344,34345,34346,34347"]
edita