Бүгүн Кыргызстан менен Бангладештин футболчулары беттешет
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы бүгүн, 7-сентябрда Бишкекте Бангладеш курама командасы менен беттеш өткөрөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат.
Турнирге үч команда катышып (Кыргызстан, Палестина, Бангладеш), алар бири-бири менен өз ара ойношот. Мурунку турда Кыргыз курама командасы Палестинаны 1:0 эсебинде, андан кийин палестиналыктар Бангладешти 2:0 эсебинде уткан.