SerepTV Logo

"Челси" Чемпиондор лигасынын тарыхында экинчи жолу жеңишке жетти. Абрамовичтин реакциясы кандай болду?

"Челси" Чемпиондор лигасынын тарыхында экинчи жолу жеңишке жетти. Абрамовичтин реакциясы кандай болду?
"Челси" футболдук клубу Чемпиондор лигасынын 2020-2021-жылдардагы сезонунун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты. Кечээ, 29-майда Портуда өткөн турнирдин финалында "Челси" клубу "Манчестер Сити" командасын 1:0 эсеп менен утуп алды. Жалгыз голду 42-мүнөттө жарым коргоочу Кай Хавертц киргизди. Ошентип, "Челси" өзүнүн тарыхында башкы европалык футболдук турнирди экинчи жолу утту. Буга чейин аталган клуб Чемпиондор лигасын 2012-жылы финалда "Бавария" командасын жеңип алуу менен биринчиликти багынткан эле. 2021-жылы сезондун жүрүшүндө "Челси" машыктыруучусун Фрэнк Лэмпарддан Томас Тухелге алмаштырган. 2003-жылдан бери "Челси" клубуна орусиялык ишкер Роман Абрамович ээлик кылат. Азыркы тапта аталган команда эң кирешелүү клубдардын ичинен 8-орунду алат. [video width="1280" height="720" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/05/video_2021-05-30_12-03-53.mp4"][/video]
admin@supertv.kg