Кыргыз балбандарына дагы бир мүмкүнчүлүк! Украинада күрөш боюнча эл аралык мелдеш башталды
Бүгүн, 26-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандардын жана машыктыруучулардын элесине арналган эркин, аялдар жана грек-рим күрөшү боюнча XXIV Киев эл аралык мелдеш башталды. Бул мелдешке дүйнөнүн 35тен ашуун өлкөсүнөн балбандар катышууда. Кыргызстандын намысын төмөндөгү спортчулар коргомокчу.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курамы:
55 килограмм - Нурмухаммет Абдуллаев;
60 килограмм - Жоламан Шаршенбеков;
63 килограмм - Калы Сулайманов;
67 килограмм - Марлен Асикеев, Амантур Исмаилов;
77 килограмм - Акжол Махмудов, Кайратбек Түгөлбаев;
82 килограмм - Калидин Асыкеев;
87 килограмм - Азат Салидинов;
97 килограмм - Үзүр Жузупбеков;
130 килограмм - Роман Ким.
Башкы машыктыруучу - Азат Эркимбаев.
Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курамы:
57 килограмм - Улукбек Жолдошбеков, Мырзаназар уулу Бекболот, Алмаз Сманбеков;
61 килограмм - Икромжон Хаджимуродов;
65 килограмм - Алибек Осмонов,Эрназар Акматалиев, Токтогул уулу Айбек;
70 килограмм - Исламбек Орозбеков;
74 килограмм - Догдурбек уулу Эламан, Арсалан Будажапов;
79 килограмм - Нарбек Изабеков, Саякбай Юсупов;
86 килограмм - Нуртилек Карыпбаев, Мирлан Чыныбеков;
92 килограмм - Жамгырбек уулу Дөөлөтбек;
97 килограмм - Сымбат Сулайманов;
125 килограмм - Айаал Лазарев.
Башкы машыктыруучу - Русланбек Маджинов.
Аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курамы:
57 килограмм - Сезим Жуманазарова;
59 килограмм - Марсбек кызы Назира;
62 килограмм - Айсулуу Тыныбекова;
68 килограмм - Мээрим Жуманазарова;
76 килограмм - Медет кызы Айпери.
Башкы машыктыруучу - Нурбек Изабеков.