SerepTV Logo

Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунун коло байге ээси болду

Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунун коло байге ээси болду
Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмак категориясында Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди.
Кечээ, 14-сентябрда көңүл жубатуучу турнирдин биринчи айлампасында Эрназар Акматалиев Париж Олимп оюндарында жеңилип калган венгриялык Исмаил Мусукаев менен күрөштү. Кыргызстандык спортчу аны 14:4 эсебинде жеңип, реванш алды. Коло медаль үчүн болгон таймашта Эрназар Акматалиев армениялык балбан Арман Андреасян менен беттешип, жеңди.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

edita