SerepTV Logo

Эртең "Ак шумкарлар" Катар менен беттешет. Кайсы жерден көрсө болот?

Эртең "Ак шумкарлар" Катар менен беттешет. Кайсы жерден көрсө болот?
10-октябрь күнү саат 20:00дө Бишкектеги Эски аянтта бардык футбол күйөрмандары үчүн Катар жана Кыргызстан улуттук курама командаларынын беттешин бирге көрүүгө фан-зона уюштурулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. "Ак шумкар" курамасы 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү айлампасында сапарын улантат. Бул фан-зона биздин улуттук курама командабызды биримдик жана ынтымак атмосферасында колдоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Сизди кызыктуу шоу-программа, оюн аянтчалары, баалуу белектер менен ойнотулган конкурстар күтөт. Шоу-программанын алкагында мыкты эстрада артисттери — Мирбек Атабеков жана JAX ырдашат. Иш-чаранын алып баруучусу Манас Алыкулов болмокчу. Иш-чарага кирүү акысыз.
edita