"ЕВРО-2020": Италия Англияны жеңип, чемпион аталды
Бүгүн түндө "Евро-2020" чемпионатынын финалы Лондондун "Уэмбли" стадионунда орун алып, анда Италия жана Англия курама командалары беттешти.
Оюндун негизги убактысы 1:1 эсеби менен аяктап, кошумча убакытта да эсеп алмашкан жок. Ошентип, пенальтилер сериясы орун алып, анда 3:2 эсебинде каршылашын утуп, турнирдин жеңүүчүсү аталды. Муну менен Италия өз тарыхында экинчи ирет ЕВРО турниринде чемпион аталды.
Гол ээлери:
Шоу (2), Бонуччи (67)