SerepTV Logo

Футбол: Эртең Кыргызстан менен Өзбекстан беттешет. Оюнду кайдан көрсө болот?

Кечээ, 18-мартта Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ташкентке барды. Аларды аэропорттон Өзбек футбол ассоциациясынын жетекчилери тосуп алышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Эртең, 20-мартта Өзбекстандын «Бунедкор» стадионунда 2026-жылы өтө турчу Дүйнө чемпиондугунун тандоо раундунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын курамасы беттеш өткөрөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

20-мартта саат 19:00дө Эски аянтта Кыргызстан – Өзбекстан беттешинде курама команданы колдоо үчүн фан-зона уюштурулат.

Сизди эмнелер күтөт?

? Ири 322 м² экранга ээ масштабдуу фан-зона;

? Ысык тамак жана улуттук суусундуктар — орозо кармагандарга өзгөчө көңүл бурулат;

? Мыкты шоу-программа — сынактар, сюрприздер, жаркын эмоциялар;

? Оюн зонасы — футбол талаасынан тышкары да көңүл ачууну каалагандар үчүн;

? Ыңгайлуу бинбегдер менен эс алуу зонасы — матчты максималдуу комфорт менен көр;

? Беттештен кийин үйгө оңой жетүү үчүн коомдук транспорт каралат.

Кирүү акысыз.

edita