Футбол: Кыргызстан-Катар беттешинде ооз ачуу уюштурулат
"Рамазан айына туш келген бул футбол майрамында көрүүчүлөр стадиондо ооз ачып, акысыз даам тата алышат. Бул күнү күйөрмандар оюнга гана күбө болбостон, чыныгы кыргыз маданиятынын атмосферасын сезе алышат", - деп айтылат маалыматта.
Бул 2025-жылдагы улуттук курама команданын өз үйүндөгү алгачкы беттеши. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.
Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.