SerepTV Logo

⚽ Футбол: Кыргызстан - Палестина - 1:0 (биринчи бөлүк)

⚽ Футбол: Кыргызстан - Палестина - 1:0 (биринчи бөлүк)
Бүгүн, 2-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Палестинанын футболчулары беттешип жатат. Оюндун биринчи бөлүгү аягына жетип, оюнчулар 15 мүнөттүк тыныгууга кетишти. Ал эми эсеп боюнча, биринчи бөлүктүн 25-мүнөтүндө Кыргызстандын оюнчусу Азим Азаров атаандашынын дарбазасына 1 гол киргизип, алдыга чыкты. Азырынча эсеп Кыргызстандын пайдасына 1:0. Оюндун экинчи бөлүгү 15 мүнөттөн кийин уланат.
edita