Хабиб Нурмагомедов карьерасын эмнеге жыйынтыктаганын айтты
Дүйнөгө белгилүү болгон оруссиялык мушкер, UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов карьерасын эмнеге жыйынтыктаганы жөнүндө чет элдик басылмаларга маек берди.
Анда ал мындай кадамды апасы үчүн жасаганын айткан.
"Ар бир беттеш, ар бир машыгуу лагери апамдын өмүрүнүн бир нече күнүн алууда. Мындан улам бул чечим кабыл алынды. Мен бул спортко өзүмдүн ким экенимди көрсөтүп, дүйнө чемпиону, мыкты мушкер болдум. Максатыма жеттим", - деп билдирген спортчу.
Ошондой эле ал акча үчүн күрөшкө убакыт короткусу келбегенин айткан. Жана бул чечим ага кыйынга турганын да кошумчалаган.