SerepTV Logo

Жол ачкыла! Кыргыздын кыраандары, алгырлары, сыймыктары келе жатат!

Жол ачкыла! Кыргыздын кыраандары, алгырлары, сыймыктары келе жатат!
Социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын бирге түшкөн сүрөтү позитивдүү ой-пикирлерди жаратууда. Сүрөттө биринчи катарга Олимпиада оюндарында күмүш жана коло медаль алган 3 спортчу чыккан. Ал эми алардын аркасынан Олимпиадада туу көтөрүп чыккан спортчулар Каныкей Кубанычбекова менен Денис Петрашовду, мыкты беттеш көрсөткөн Айпери Медет кызын, жөө күлүк Дарья Маслованы көрүүгө болот. Бүгүн, 23-августта өлкө башчы Олимпиада оюндарына катышкан жана медаль алган спортчуларга мамлекеттик сыйлактарды тапшырды.
edita