Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Словакиянын футбол клубу менен келишим түздү
Кыргызстандын жаштар курама командасынын (U-20) капитаны Эмир-Хан Кыдыршаев Европадагы футбол клуб менен профессионалдык контракт түзгөн биринчи кыргыз футболчусу болду. Бул тууралуу Нургазы Анаркулов жазды.
"Словакиянын жогорку лигасында оюн көрсөткөн “Тренчин” футбол клубу Эмир-Хан Кыдыршаев менен келишим түзгөнүн расмий жарыя кылды. Эмир-Хандын мындай жетишкендигинин артында чоң эмгек жатат, себеби жаштар курама командабыздын коргоочусу өзүнүн футболдук талантын өркүндөтүүнүн үстүндө тынымсыз машыгып келди", - деп жазды ал.
Футболчунун басып өткөн жолуна көз чаптырып көрөлү:
- 2016 - «Дордой» футбол клубу
- 2018 - А.Момунов атындагы футбол академиясы (Ош)
- 2019 - Италия, Перуджа шаарындагы атактуу футболчу Паоло Россинин футбол академиясы
- 2021 - Испания, Валенсия шаарындагы «Леванте» футбол академиясы
- 2023 - Испания, Барселона футбол академиясы
- 2024 - Испания, Барселона, «Сан Кугат» футбол академиясы.
Эмир-Хан азыр 19 жашта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="269731,269732"]