Кыргыз Республикасынын каратэ сётокан боюнча курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн IX эл аралык мелдеште 15 медаль (3 алтын, 4 күмүш, 8 коло) жеңишти. Мелдеш 3-5 ноябрь күндөрү өтүп, 23 өлкөдөн келген 1500 ден ашык спортчу катышкан. Кыргызстандын атынан 80 спортчу өлкө намысын коргоду.
Алтын медалдын ээлери:

Абдибек Апсатаров (кумитэ 70 кг);

Максат Батырбеков (кумитэ 16-17 жаш 65 кг);

Адилхан Моңолдоров (16-17 жаш кумитэ абсолюттук салмак).
Күмүш медалдын ээлери:

Жаңылмырза Койчубекова (16-17 жаш кумитэ абсолюттук салмак);

Нуртилек Саидов (14-15 жаш кумитэ абсолюттук салмак);

Курманбек Маматкаримов (14-15 жаш кумитэ 50 кг);

Мырзакун Асылбеков (14-15 жаш кумитэ +60 кг);

Айдар Жолчиев (14-15 жаш кумитэ 60 кг).
Коло медалдын ээлери:

Батырхан Мукайбеков (кумитэ 70 кг);

Шавкат Байсеитов (14-15 жаш кумитэ 50 кг);

Дильшат Мамбетов (16-17 жаш ката);

Мариям Сыдыкова (16-17 жаш ката);

Амина Пазылова (14-15 жаш ката);

Алия Искакова (кумитэ +65 кг);

Туланбай Яхщибаев (48-49 жаш абсолюттук салмак);

Күмүшай Орозкулова, Мээримай Малашова, Малика Абдыкалык кызы (командалык кумитэ).
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="259697,259700,259702,259698,259699,259701,259696,259703"]