SerepTV Logo

Көк бөрү: Президенттин кубогу үчүн ат салышкан финалисттер аныкталды

Көк бөрү: Президенттин кубогу үчүн ат салышкан финалисттер аныкталды
28-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата Көк бөрү боюнча “Президенттин кубогу” турниринин группалык оюндары аяктады. Бул оюндардын жыйынтыгы боюнча мелдештердин финалисттери аныкталды.
31-август күнү финалдык оюндарда 1-лигада Ысык-Көлдүн “Мурас” командасы менен Бишкектин “Көк-Жал”, ал эми жогорку лигада “Сары-Өзөн Чүй” менен Таластын “Ынтымак” командасы беттешет. Ал эми эл аралык турнирдин чечүүчү оюнунда Өзбекстан курама командасы “Жети-Өгүз” менен ойнойт. Бүгүн, 30-августта 3-4-орун үчүн беттештер болот. Биринчи лигада ойногон Нарын облусунун “Соң-Көл” жана “Ат-Башы” командалары, жогорку лигада Ош облусунун “Достук” командасы менен Ош шаарынын “Ала-Тоо” командалары ойнойт.
Биринчи лига:
½ финал. "Мурас" – "Соң-Көл" – 8:1
½ финал. "Ат-Башы" – "Көк-Жал" – 3:7
Эл аралык турнир:
"Жети-Өгүз" – "Бакубат-Талас" – 6:1
Жогорку лига
"Достук" – "Сары-Өзөн" – 1:4
"Ынтымак" – "Жаш Күч" – ("Жаш Күч" ойногон жок)
edita