SerepTV Logo

Криштиану Роналду футбол тарыхында эң көп гол жараткан футболчу

Криштиану Роналду футбол тарыхында эң көп гол жараткан футболчу
Португалиялык футбол жылдызы Криштиану Роналду футбол тарыхында эң көп гол киргизген футболчу аталды. Бул тууралуу Эл аралык футбол тарыхы жана статистикасы федерациясы маалымдады. 28-февралда Италия Серия А лигасынын 24-турунда Ювентус футболдук клубу Верона менен кез келип, 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Беттештеги жалгыз топту чабуулчу Криштиану Роналду киргизген. Бул гол футбол тарыхындагы рекордду жаңылады. Муну менен Криштиану Роналду 766 гол жараткан жалгыз футболчу болду. Буга чейиники рекорд бразилиялык “футболдун падышасы” атыккан Пелеге таандык болгон. Ал акыркы голун 1977-жылы жаратып, футболдук карьерасында жалпысынан 765 топ киргизген. Бул рекорд дээрлик 44 жылдан кийин жаңыланды. Белгилей кетсек, бул статистика расмий беттештердеги гана киргизген голдорду эсепке алган. Футбол тарыхындагы эң көп гол киргизген алдыңкы беш спортчунун тизмеси: Криштиану Роналдо (Португалия) – 766 гол Пеле (Бразилия) – 765 гол Ромарио (Бразилия) – 753 гол Лионель Месси (Аргентина) – 729 гол Ференц Пушкаш (Венгрия, Испания) – 729 гол
Unknown Author