SerepTV Logo

Кыргызстан менен Өзбекстан беттеши. Эски аянттагы күйөрмандардын маанайы кандай?

Бүгүн, 20-март күнү Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Өзбекстан курама командасы менен беттешет. Беттеш Бунёдкор стадионунда (Ташкент шаары) Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө старт алат. Бүгүнкү беттешке күбө болуу үчүн Ак Шумкар командасынын күйөрмандары үчүн Эски аянтта фан-зона уюштурулган. Орозо кармаган күйөрмандар үчүн ооз ачуу уюштурулду.
edita