SerepTV Logo

Күрөш боюнча Азия чемпионаты: Бүгүн килемге кыз-келиндер күрөшү боюнча 5 спортсмен чыгат

Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. Бүгүн, 9-апрелде төртүнчү мелдеш күнүндө килемге кыз-келиндер күрөшүнүн өкүлдөрү чыгып, 53, 57, 62, 65 жана 72 кг салмак категорияларында байге орундары үчүн күч сынашат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Кыргызстандын курама командасынын атынан төмөнкү балбандар чыгат:
53 кг — Азиза Келдибекова;
57 кг — Танчолпон Кыбалбекова;
62 кг — Дилназ Сазанова;
65 кг — Гүлнура Таштанбекова;
72 кг — Нурзат Нуртаева.
Алдын ала кармаштар саат 11:30да башталат.
Ал эми финалдык беттештер 18:00дө башталып, 68 кг чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова жана 76 кг чейинки салмакта Айпери Медет кызы алтын үчүн беттештерди өткөрөт.
info