Кыз-келиндер арасында футбол боюнча мелдеш болуп өттү
21-сентябрь күнү борбор калаабыздын «Ынтымак» сейил багында ЮНФПА жана БУУнун Аялдар уюмунун колдоосу менен кыз-келиндер арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ага өлкөбүздүн ар кандай чөйрөлөрүнүн — эл аралык уюмдардын, Германия жана АКШ элчиликтеринин, мамлекеттик органдардын, бизнес жаатынын өкүлдөрү жана блогерлер катышты.
Иш-чаранын башкы максаты — айымдар арасында футболду популяризациялоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана футболдун баарына жеткиликтүү экенин көрсөтүү болуп саналат. Тайпалык жана плей-офф баскычтарынан турган мелдеш кызыктуу кармашта жана достук маанайда өтүп, жыйынтыгында «Блогерлер» командасы 3-орунду, АКШ элчилигинин өкүлдөрү 2-орунду, ал эми Дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү 1-орунду ээлешти.
Кыз-келиндер арасында мындай масштабдуу мелдеш алгачкы жолу уюштурулду. Аталган мелдеш Кыргыз Республикасынын Айымдар футбол ассоциациясынын жана Кыргыз футбол биримдигинин эгидасы алдында өттү.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="254187,254191,254194,254193,254186,254188,254189,254192,254190"]