Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы эл аралык мелдешке катышат
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 24-февралдан 1-мартка чейин украинанын мыкты балбандарына жана машыктыруучуларына арналган эл аралык XXIV мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Мелдеш 25-28-февраль күндөрү Киев шаарында (Украина) өтөт.
Аталган мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда төмөнкү курамда катышат:
- Айсулуу Тыныбекова, салмактык категория – 62 кг;
- Айпери Медет кызы - 76 кг;
- Мээрим Жуманазарова - 68 кг;
- Назира Марсбек кызы – 57 кг;
- Нурбек Изабеков – башкы машыктыруучу.