“Manas cup 2025” – Орусия курамасынын жеңиши менен аяктады
“Manas cup 2025” (U-23) турнири Орусиянын курамасынын жеңиши менен аяктады. Кечээ, 18-ноябрь күнү Манас шаарында эл аралык Manas cup 2025 (U-23) эл аралык футболдук мелдеши жыйынтыкталды. Анда 8:0 эсебинде коноктор Кыргызстандын олимпиадалык курамасын жеңди.
Эске салсак, Кыргызстандын олимпиадалык курамасы Бахрейн жана Иран курамасын 2:1 эсебинде жеңген.
Мелдештин жалпы жыйынтыгы:
1-орун - Орусия (9 упай) - 50 миң АКШ доллары;
2-орун - Кыргызстан (6 упай) - 30 миң АКШ доллары;
3-орун - Иран (3 упай) - 20 миң АКШ доллары;
4-орун - Бахрейн (0 упай) - 10 миң АКШ доллары;
«Mанас Сup 2025» салттуу мелдешке айланып, жаш курама командалардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, эл аралык деңгээлдеги оюн практикасын жогорулатууга жана достук мамилелерди чыңдоо максатын көздөйт.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="296814,296815,296818,296820,296821,296822,296816"]