SerepTV Logo

“Мурас” достук мелдешинде “Президенттин командасы” 1-орунду алды

“Мурас” достук мелдешинде “Президенттин командасы” 1-орунду алды
Бүгүн, 15-декабрь күнү борбор калаада жайгашкан Кыргыз футбол биримдигинин спорт комплексинде «Мурас» достук мелдешинин чейрек, жарым финалдык жана финалдык оюндары болуп өттү. Бүгүн орун алган турнирдин көңүл жубатуучу финалында - 3-орун үчүн беттеште «Ыйман» командасы «Жогорку Кеңешти» 7-1 эсеби менен ишеничтүү түрдө жеңип чыкты. Ал эми, финалдык беттеште «Президенттин командасы» «Достук» менен кез келип, 6-4 эсеп саны менен жеңди. Финалдык беттештен кийин дароо командаларды сыйлоо аземи орун алып, сыйлыктарды президент Садыр Жапаров өз ээлерине тапшырды. «Мурас» мелдешинин жыйынтыгы: ?1-орун - «Президенттин командасы» ?2-орун - «Достук» ?3-орун - «Ыйман» ?4 орун - «Жогорку Кеңеш» Жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга төмөнкү оюнчулар ээ болушту: ✔️ Мыкты оюнчу - Азимжан Кадыров (Достук) ✔️ Бомбардир - Садыр Жапаров (Президенттин командасы) ✔️ Мыкты дарбазачы - Султан Осмонбеков (Ыйман) Турнирдин байге фонду 1 миллион сомду түзүп, ал алдыңкы төрт орунду ээлеген командалар арасында төмөндөгүдөй ирээтте бөлүштүрүлдү: - 1 орун – 400 миң сом; - 2 орун – 300 миң сом; - 3 орун – 200 миң сом; - 4 орун – 100 миң сом. Ал эми жеке номинациялардын ар бир ээси 50 000 сом сыйлыкка ээ болду. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="264054,264055,264056,264057"]
edita