SerepTV Logo

“Нооруз-2021”: Көк бөрү боюнча мелдеш уланууда

“Нооруз-2021”: Көк бөрү боюнча мелдеш уланууда
Бүгүн Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда “Нооруз-2021” турниринин алкагында көк бөрү боюнча Жогорку лиганын кезектеги оюндары болду. Анда баткендик “Жаш-Күч” менен Таластын “Ынтымак” командасы кез келди. Жыйынтыгында таластык команда 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Ал эми экинчи беттеште “Ала-Тоо” Ысык-Көлдүн “Мурас” командасы менен күч сынашты. Бул оюнда өлкөнүн мыкты көк бөрүчүсү Манас Ниязов ойногон "Ала-Тоо" командасы “Мурасты” 4:0 эсеби менен жеңип алды. Жогорку лиганын оюндары эртең дагы уланмакчы. Анда таластык “Ынтымак” менен Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасы ойнойт. Экинчи оюнда Оштун “Достук” командасы Ысык-Көлдүн “Мурас” командасы менен кез келет.
Unknown Author