SerepTV Logo

Өзү чучук кесип берип. Ташиев футболчуларды колдоп Испанияга барды

Өзү чучук кесип берип. Ташиев футболчуларды колдоп Испанияга барды
Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Испаниянын Барселона шаарына барып, Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын «Барселона» футбол клубунун жаштар курамына каршы беттешке болгон даярдыгын текшерип, колдоо көрсөттү. Бул тууралуу биримдиктен билдиришти. Бүгүн, 27-январда испандык клубдун жаш курамына болгон оюнга КФБ жетекчиси дагы күбө болот. Ташиев машыгуулардан кийин оюнчуларга өзү Кыргызстандан ала барган чучукту кесип берип, алар менен биргеликте тамактанган.
perizat