Ташиев Кыргызстандын жаштар курама командасы менен жолугушту
Кыргызстандын футбол боюнча U-20 жаштар курама командасы окуу-машыгуу жыйынын 5-сентябрь күнүнө тарта өткөрүп келе жатат. Аталган жыйындын алкагында жаштар курамасы Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков стадионунда 25-сентябрда старт ала турган U-20 Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына даярдык көрүшүүдө.
Кыргызстандын жаштар курамасы «I» тайпасында Жапония, Мьянма жана Түркмөнстан курамалары менен бирге жайгашкан. Кечээ, 12-сентябрь күнү кураманын оюнчулары менен Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев жолугуп, келе жаткан мелдешке ийгилик каалап, команданын Азия Кубогуна болгон жолдомону камсыздоосун тиледи. Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдындагы кураманын окуу-машыгуу жыйынына жалпы 29 оюнчу катышууда.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="253139,253140"]