SerepTV Logo

"ТОКИО-2020". Айпери Медет кызы финалга чыга албай калды. Эми ал коло байге үчүн күрөшөт

"ТОКИО-2020". Айпери Медет кызы  финалга чыга албай калды.  Эми ал коло байге  үчүн күрөшөт
"ТОКИО-2020". Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиаданын жарым финалында атаандашы америкалык спортчу Аделина Мария Грей менен таймашып, 2:3 эсебинде утулуп калды. Айпери Медет кызы эми Олимпиаданын коло байгеси үчүн күрөшөт. Мелдеш эртең, 2-августта, өтөт. Эске салсак, Айпери баштапкы этапта казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсебинде жеңген. Ал эми чейрек финалда россиялык олимпиада чемпиону Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен утуп жарым финалга чыккан.
Unknown Author