"Токио-2020". Акжол Махмудов алтын үчүн ким менен күрөшөт?
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарынын финалына чыккан. Ал 2-августта 77 килограммга чейинки салмак категориясындагы беттеште финалга чыккан.
Бүгүн, 3-августта финалдык беттеште Махмудов килем үстүндө венгриялык Тамаш Лоринц менен беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 16.30да башталат.
Венгриялык спортчу 34 жашта, ал бул салмакта учурдагы Дүйнө чемпиону. Риодогу акыркы Олимпиада оюндарында Лоринц финалда утулуп, 2-орунду алган.