SerepTV Logo

"Токио-2020". Балбан Атабек Азисбеков коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн сактап калды

"Токио-2020". Балбан Атабек Азисбеков коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн сактап калды
Кыргызстандык грек-рим күрөшчүсү Атабек Азисбеков Токио Олимпиадасында коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн сактап калды. Ал бүгүн, 3-августта грек-рик күрөшү боюнча 87 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашып баштаган. Азисбеков биринчи беттешин дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турган венгриялык Виктор Лоринцге каршы өткөрдү. Анын жыйынтыгында венгриялык спортчуга 6:1 эсебинде жеңилип калды. Лоринц кийинки беттеште немис балбанын жеңип, жарым финалда египеттикти жеңип финалга чыкты. Мунун аркасында Азисбеков коло үчүн мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алды. Ал 4-августта жубатуучу беттештин биринчи раундунда германиялык Денис Максимилиан Кудла менен беттешет.
edita