SerepTV Logo

"Токио-2020". Мээрим Жуманазарова чейрек финалда жеңилип калды

"Токио-2020". Мээрим Жуманазарова чейрек финалда жеңилип калды

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыга алган жок. 

Кыргызстандык беттешин 1/8 финалдык этаптан баштады, мында анын атаандашы болгариялык Мими Николова Христова болду. Кыргызстандык айым беттеште жеңишке жетип, беттештин акыркы секундаларында жеңишти камсыздап, 7:5 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудуду Жуманазарованын атаандашы болду. Кыргызстандык 0:3 эсебинде утулуп жаткан, бирок кийин эки упай топтоого жетишкен. Жуманазарова 2:3 эсебинде утулуп калды.

edita