"Токио-2020". Үзүр Жусупбеков 1/8 финалда атаандашынан утулуп калды
Кыргызстандык спортчу Үзүр Жусупбеков Токиодогу Олимпиада оюндарынын башталышында утулуп калды. Ал грек-рим күрөшү боюнча беттешке 97 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан баштаган.
Анын биринчи атаандашы Армениянын учурдагы Олимпиада чемпиону Артур Алексанян болду. Армениялык балбан 4:1 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өттү. Жусупбеков финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады, бирок эгер Алексанян финалга чыкса жубатуучу турнирге катыша алат.