SerepTV Logo

Олимпиада. Роман Петров фехтование боюнча 1/16 финалга чыкты

Олимпиада. Роман Петров фехтование боюнча 1/16 финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Роман Петров Токиодогу Олимпиада оюндарында жеңиш менен баштады.

Ал фехтование боюнча мелдешке катышат. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча, Петров 1/32 финалдан баштап, анын атаандашы кореялык спортчу Сегеон Ма болду.

Кыргызстандык 15:7 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетип, кийинки раундга өттү. Кыргызстандыктын катышуусунда 1/16 финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 10:10до башталат.

Ал эми 1/16 финалдык бетеште Роман Петров Япон спортчусу Ямада Масару менен кез келет.
edita