SerepTV Logo

Валентина Шевченко 24-апрелде чемпиондук курун бешинчи ирет коргойт

Валентина Шевченко 24-апрелде чемпиондук курун бешинчи ирет коргойт
Кыргызстандык Валентина Шевченко 24-апрелде чемпиондук курун бешинчи ирет коргойт. Бул тууралуу UFC'нин маалымат кызматы билдирүү таратты. Шевченко UFC 261 турниринин алкагында бразилиялык Жессика Андраде менен беттешет. Валентина Шевченконун жалпы 20 жеңиши, 3 жеңилүүсү бар. Акыркы жолу ал былтыр ноябрь айында UFC 255 турниринде Женнифер Майя менен беттешип, атаандашын жеңип алган.
altinay