SerepTV Logo

Ысык-Көлдөгү эл аралык марафон кандай өттү? (видео)

3-май күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ШКУнун Run the Silk Road Ысык-Көл эл аралык марафону өттү. Ага 28 өлкөдөн келген 3 миң катышуучу катышты. Ошондой эле Казакстан, Беларусь, Кытай, Өзбекстан, Монголия, Иран жана Кыргызстандан келген алдыңкы спортчулар катышты. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: Абсолюттук категорияда эркектер арасында 42 чакырым аралыкка чуркоо: 1-орун – Гао Пен, Кытай (02:20:48); 2-орун – Юань Чаңлонч Кытай (02:20:48); 3-орун – Бекзод Боймадов, Өзбекстан (02:25:49). Абсолюттук категорияда кыз-келиндер арасында 42 чакырым аралыкка чуркоо: 1-орун – Екатерина Тунгускова, Өзбекстан (02:50:43); 2-орун – Елена Толстых, Орусия (02:58:14); 3-орун – Флорида Миниянова, Казакстан (03:12:04). Абсолюттук категорияда аялдар арасында 21 чакырым аралыкка чуркоо: 1-орун – Наталия Тарасова (1 саат 30 мүнөт 12 сек); 2-орун – Екатерина Алексеева (1 саат 31 мүнөт 45 сек); 3-орун – Нурайым Эркебаева, Кыргызстан (1 саат 33 мүнөт 42 секунда). Абсолюттук категорияда эркектер арасында 21 чакырым аралыкка чуркоо: 1-орун – Нодырбек Мураталипов (01:09:34); 2-орун – Отабек Ташкуватов (01:08:36); 3-орун – Тилекжан Жекшенаалы уулу (01:10:21). Абсолюттук категорияда аялдар арасында 10 чакырым аралыкка чуркоо: 1-орун – Татьяна Шабанова (36:39); 2-орун – Айгүл Аржаникова (40:12); 3-орун – Яна Шарипова (43:02). Абсолюттук категорияда эркектер арасында 10 чакырым аралыкка чуркоо: 1-орун – Павел Нибат - 31:58; 2-орун – Константин Драгунов - 32:21; 3-орун – Самат Казакбаев (Кыргызстан) - 32:52. Мындан тышкары, марафондун алкагында 42, 21, 10 чакырым аралыктарда эркектер жана аялдардын арасында жаш курактык категориялар боюнча (35-44 жаш, 45-54 жаш, 55-64 жаш, 65 жаштан жогору) жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын арасында жеңүүчүлөр белгилүү болуп, баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чарага СЕРЕПТВ каналынын жана СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин кызматкерлери да катышышты. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="283797,283798"]
 
edita