SerepTV Logo

Үзүр Жусупбеков да Олимпиадага жолдомо алды

Үзүр Жусупбеков да Олимпиадага жолдомо алды
Бүгүн, 9-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турнири Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталган. Мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан күрөштүн грек-рим түрү боюнча 97 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков мелдештин жарым финалына жетип, жарым финалда түштүк кореялык балбанды 6:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Финалга чыгып, Үзүр Жусупбеков Кыргыз курамасынын пайдасына тогузунчу жолдомону алып келди.  Буга чейин жолдомо алган спортчулар:
  • Айсулуу Тыныбекова
  • Атабек Азисбеков
  • Дарья Маслова
  • Юлия Андреева
  • Мария Коробицкая
  • Денис Петрашов
  • Жоламан Шаршенбеков
  • Акжол Махмудов
edita