SerepTV Logo

Бразилиядагы жер көчкү 10 адамдын өмүрүн алды

Бразилиядагы жер көчкү 10 адамдын өмүрүн алды
Бразилиянын Минас-Жерайс штатындагы шаарларды басып калган жер көчкүдөн он адам каза болду. Бул тууралуу Би-Би-Си жазат. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон жер көчкү эң көп Ипатинга шаарындагы Бетания аймагы зыянга учурады. Ипатингада тогуз кишинин каза болгондугу тастыкталды, дагы бир адамдын сөөгү Сантана-ду-Параисодо табылган. Жергиликтүү маалымат каражаттары беш тууганы көчкү астында каза болгон үйдөн эки өспүрүм качып кетүүгө үлгүргөнүн жазышты. Көчкүлөр шаардагы медициналык борборго да зыян келтирип, жаракат алгандарды дарылай албай калган.