SerepTV Logo

"Крокустагы" кандуу окуяда каза болгон 134 адамдын аты-жөнү такталды

"Крокустагы" кандуу окуяда каза болгон 134 адамдын аты-жөнү такталды

Орусия "Крокус сити холлдогу" теракттан каза болгон 134 адамдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Тергөө комитети билдирди.

Аты-жөнү такталбай жаткандарга генетикалык экспертизалар жүргүзүлүүдө. 22-мартта Москвадагы концерттик залга куралчан бир нече адам кирип, ок чыгарган. Теракттын кесепетинен 143 адам каза болуп, 360тан ашууну жарадар болгон. Кол салууну жасаган деген шек менен 11 адам кармалды.