SerepTV Logo

Wildberries'тин негиздөөчүсү фамилиясын өзгөрттү

Wildberries'тин негиздөөчүсү фамилиясын өзгөрттү

Wildberries компаниясынын ээси Татьяна Бакальчук мурдагы фамилиясын алды. Бул тууралуу маалымат каражаттар жазды. 

"Эң мыкты тандоо бул - өзүң менен өзүң болуу. Силердин Татьяна бүгүндөн баштап кайра Ким болду", - деп жазды Орусиянын эң бай аялдарынын бири жана Wildberries компаниясынын ээси. 

Ишкер 20 жылдан ашык чогуу жашап, жети бала төрөгөн Владислав Бакальчук менен ажырашып кеткенден кийин баштапкы фамилиясын кайтарып алган.